Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

АКШ сириялык козголоңчуларга жардам көрсөтөрүн билдирди


АКШ бийлиги атайын кызматтардын маалыматына таянып, Сирия бийлиги козголоңчуларга каршы бир нече ирет химиялык курал колдонгону аныкталганын жар салды.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс бейшембиде мындан ары АКШ козголоңчуларга түздөн-түз аскерий жардам көрсөтө турганын билдирди. Анын айтымында, химиялык куралдын колдонулушунан 100дөн 150гө чейин адам каза тапкан. Буга чейин президент Барак Обама химиялык курал колдонууну жол берилгис аракет катары баалап, эгер мындай аракет аныкталса АКШ Сириядагы жаңжалга активдүү киришерин билдирген болчу.

БУУнун маалыматы боюнча Сириядагы 2011-жылдын мартында башталган куралдуу жаңжалда 93 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG