Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Батукаевге байланыштуу Жогорку Кеңештин токтомунун мөөнөтү бүтө элек


Бул тууралуу “мыйзамдагы ууру” саналган Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, парламент 30-майда кабыл алган токтомуна ылайык, Батукаевдин эртелей эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген акыйкатчы Турсунбек Акунду, вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы жана башка бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Атайын жобого ылайык, бул мөөнөт токтом өкмөткө өткөрүлгөн күндөн эсептелиши зарыл.

Жээнбековдун айтымында, токтом өкмөткө эки күн мурда гана тапшырылды. Ошондуктан, токтомду аткаруу мөөнөтүнө дагы бир апта убакыт бар. Эгер бул мөөнөт ичинде токтомдо көрсөтүлгөндөр аткарылбаса, депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүгө укугу бар.

Жогоруда аты аталгандардан вице-премьер-министр Шамил Атаханов гана кызматтан кетүүгө арыз берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG