Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинине жаңы жетекчи дайындалды


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчи орун басары Акылбек Маралбаевге директордун милдетин аткаруу жүктөлдү. Мындай жардыкка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

13-июнда Сатыбалдиев тоо кен тармагындагы абалды талкуулаган өкмөттүн жыйынында агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишимбай Чунуевдин ишиндеги кемчиликтерди сындап, ишенимди актай албаганы үчүн кызматтан бошотконун жарыялаган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен байлыктар комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Чунуевдин Куттуу-Сай кенине байланыштуу мыйзамсыз аракеттери үчүн аны кызматтан алууну өкмөткө сунуштаган болчу. Бул агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевге кен иштетүү боюнча мыйзамсыз лицензия саткан деген айып менен кылмыш иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG