Кыргызстанда 15-19-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
15-июнда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +24... +29 градус, Талас облусунда түнкүсүн +10… +15, күндүз +24…+29 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12... +17, күндүз +24 ...+29 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +15... +20 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20... +25 градус болот.
Бишкекте 15-июнда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +27…+29 градус болот. (КЕ)