Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

14 фельдшердик жана акушердик түйүнгө фотоэлектр станциясы орнотулду


Долбоорду каржылаган БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесовдун айтымында, күн нурун чогултуп, аны электр кубатына айландырган шаймандар фельдшердик жана акушердик түйүндөрдө жарыкты 50 пайызга чейин үнөмдөйт. Эгерде жарык өчүп калса, эки күн бою электр энергиясы менен камсыздап турууга кудурети жетет.

БУУнун өкүлүнүн белгилешинче, бир ФАПта фотоэлектр станциясын орнотууга 10 миң доллар жумшалган. Ошондой эле түйүндөрдү автономдук электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кээ бир жерлерде кичи ГЭСтерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстандын айылдарында 800дөн ашуун фельдшердик жана акушердик пункттар иштейт.

БУУ менен бирге ишке ашырылып жаткан бул долбоордун алкагында беш ооруканада фотоэлектр станциясы орнотулган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG