Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Жарандык коом кыздардын чет өлкөгө чыгуусун чектөөгө каршы


Кыргызстандагы онго чукул жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Регламент жана этика комитетинин төрайымы, депутат Айнуру Алтыбаевага кайрылышты. Алар парламенттин жаш кыздардын чет өлкөгө чыгышын чектөө боюнча токтомун Башмыйзамга жана адам укуктарына каршы келерин айтып, жокко чыгарууну өтүнүштү.

Кайрылуу ээлери демографиялык маселелерди кыздардын чет жакка чыгуусуна тыюу салуу менен эмес, түшүндүрүү, маалымат таратуу аркылуу чечүүнү сунуштап жатышат.

Жогорку Кеңеш 12-июнда жаш кыздардын чет өлкөгө чыгышын чектөө боюнча токтом кабыл алган. Токтомдун демилгечиси болгон депутат Ыргал Кадыралиева бул аркылуу миңдеген кыздарды эмгек жана сексуалдык кулчулуктан, алдамчылардын колуна түшүп калуудан коргой тургандыгын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG