Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Өкмөт Атахановдун ордуна Мамытовду сунуштады


Өкмөт күч структураларын жетектеген вице-премьер-министрлик кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети 17-июнда  карай турганын депутат Дастан Бекешов “Азаттыкка” тастыктады. 

Буга чейин башкаруучу коалиция күч структураларын жетектеген вице-премьер-министрлик кызматты “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевге сунуштаган. Мындан сырткары бул орунга талапкер катары “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун аты аталып жаткан.

Бул кызматты аркалап турган Шамил Атаханов Батукаев жаңжалы жана Жети-Өгүздөгү окуялардан кийин кызматтан бошотууга арызын берген эле. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG