Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

БУУ: дүйнө калкы 12 жылда 1 миллиардга өсөт


БУУнун прогноздоруна караганда, дүйнө калкы 12 жылдын ичинде дээрлик 1 миллиард адамга өсүп, 2025-жылы 8,1 миллиардга жетиши ыктымал. “Дүйнө калкынын перспективалары” деген баяндамада 2050-жылга карай Жер шарында 9,6 миллиард киши жашап калаары болжолдонот.

Калктын саны өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөрдө өсөөрү күтүлөт жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жарымы Африкага туура келет. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн калкы иммиграция процессинен улам сан жагынан көп деле өзгөрбөйт.

2028-жылдын айланасында Индиянын калкы Кытайдыкынан ашышы мүмкүн. Ал жылга карай эки өлкөнүн тең калкы дээрлик 1 жарым миллиардга чукулдап калат.

XS
SM
MD
LG