Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

"Аэробус" жаңы учагын сыноодо


"Аэробус" компаниясынын А-350 үлгүсүндөгү жаңы учагы бүгүн сыноодон өткөрүлүүдө. "Аэробустун" жүздөгөн кызматкери, журналисттер, жергиликтүү жашоочулар Франциянын Тулуз шаарынын аэропортунда учактын биринчи жолу асманга көтөрүлүшүнө күбө болушту. Жаңы учак "Боинг-787дин" "Дримлайнер" учагына атаандаш катары чыгарылган. Акыркы моделдер мурункуларга караганда жеңил, анча көлөмдүү эмес жана узак аралыкка учат.

А-350 270 жана 350 кишилик кылып чыгарылат жана 2014-жылдын этегинде колдонууга киргизилет деп күтүлүүдө. "Боинг-787" учактары моторлору бат ысып кетип жатканы байкалгандан кийин 4 айдан бери учпай турат.

XS
SM
MD
LG