Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Назарбаевдин небереси үйлөнгөнү жатат


Казакстанда президент Назарбаевдин кызы Дарига 23 жаштагы уулу Айсултанды үйлөндүрүп жаткандыгын жарыялады. "Азаттыктын" казак кызматы ушул аптада жазгандай, Назарбаевдин небереси кимге үйлөнүп жаткандыгы, же той качан болоору айтыла элек.

Бирок "Форбс Казакстан" жумалыгы Назарбаевдин небере келини Лондондо Кортолд көркөм университетинде окуган 20 жаштагы Алима Боранбаева экендигин жазып чыкты. Алима "КазРосГаз" компаниясынын башкы директору Кайрат Боранбаевдин кызы.

Айсултан Назарбаев да Британияда окуган. Таанымал Сандхерст аскер академиясын бүтүргөндөн кийин Казакстандын Коргоо минстрлигинин согуштук чалгын бөлүмүнө кирип, азыр сержант даражасында кызмат өтөйт. Ал ошондой эле Астана футбол клубунун мүчөсү. Айсултандын атасы Рахат Алиев 2007-жылы кайнатасынын каарына калган бойдон Дарига менен ажырашып, азыр Мальтада баш калканч тапкан жана анын уулунун тоюна катышаары күмөн.

Айсултандын энеси Дарига атасы Нурсултан Назарбаевдин ордун басууга үмүткер экендиги айтыла калат. Казакстандык закон.кз сайты менен маегинде ал "президент атама бардык иштеринде реалдуу түркүк болгум келет" деп айткан эле. JCH

XS
SM
MD
LG