Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Тажикстан: жашыруун диний мектептер аныкталды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, «тазалык камсыздалбаган» шарттарда балдарды динге окуткан бир нече мектеп аныкталды. Министрликтин маалымат кызматы 14-июнда "Азаттыкка" билдиргендей, Гиссар районунун Сомон айыл өкмөтүндөгү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Мансур Махмудов жашы жете элек балдарга «булганч» шартта диний сабактарды «мыйзамсыз» окуткан деп кармалды.

Министрлик ошондой эле баланы уурдоого тиешеси бар деп айыпталган кишинин көрсөтмөсү менен, Шахринав районунда Мубин кары деген молдо кармалганын бышыктады. Ага да жашы жете элек алты балага шарты жок имаратта «диний сабак берген» деген кине коюлууда. Кармалгандын өз аты Ходиев Мубинхон. Анын тууганы Содирхов Мубин кары коңшулардын балдарын ата-энелердин макулдугу менен араб тилинен жана исламдын негиздеринен сабак бергендигин билдирди. «Алар өз алдынча таза бөлмөдө күнүгө бир, эки саат окушчу» деди ал.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, бүгүн баш калаа Дүйшөмбүдө жана коңшу райондордо өз үйлөрүндө балдарга диндин негиздерин окуткан молдолор менен аялдар көбөйдү. Министрлик жарандарды өз балдарын мындай окуу жайларга жибербөөгө чакырды.

Балдарды тарбиялоо милдеттери тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, Тажикстанда ата-энелер жашы жете элек балдардын диний окуу жайларга жана мечиттерге барышына жол бербөөгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG