Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Ошто өз жанын кыйгандар көбөйдү


Соңку бир жарым айда Ош шаарында өзүн өлтүрүүгө аракеттенгендердин саны кескин жогорулады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тарткан маалыматта айтылат.

1-майдан ушул күнгө чейин эки жаран асынып, бирөө сууга боюн таштап, бирөө өзүн мылтык менен атып каза болду. Бул аралыкта уулануу жолу менен жанын кыюуга аракет кылгандардын саны 24 кишини түзгөн. Алар дары-дармекти көп өлчөмдө колдонуу же уксус ичүү жолу менен жанын кыюуга аракеттенишкен. Уулануудан улам айрымдары ооруканада көз жумса, кээ бирлери майып болуп калууда. Жанын кыйгандар негизинен жаштар.

Милициянын божомолунда өз жанын кыюуга беш фактор себеп болууда. Алар – июнь коогасынын таасиринен чыга албагандык, жокчулук, моралдык туруксуздук, үй-бүлөлүк жаңжал жана кыз-жигиттин ортосундагы келишпестиктер.

Ош милициясы өз жанын кыйгандардын саны өсүп жатканын буга чейин да бир нече жолу кабарлаган. Жергиликтүү башкармалык бул маселени чечүү үчүн бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү коомчулукта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин эскертүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG