Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ысык-Көлдө “Ачык Кыргызстан” аттуу фестивал башталды

Фестивал Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара түрдүү улуттардын арасындагы биримдикти, достукту даңазалоо жана Ысык-Көлдү башкаларга таанытуу максатын көздөйт.

Анын алкагында, парустук мелдеш, скутер жарышы, дайвинг, шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулат.

Фестивалдын ачылыш салтанатына өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Токон Мамытов, Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Эл баатыры Салижан Шарипов, Монголиянын алгачкы космонавты Гуррагча Жугдэрдэмий катышты.(BkA)
XS
SM
MD
LG