Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болду


Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Таиланддын Пхукете шаарында өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын жеңип, жаштар арасында Азия чемпиону болду. 14-июнда Тыныбекова 59 килограмм салмакта монголиялык балбан Гантуя Енхбат менен беттешип, аны жеңип алды. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясы кабарлады.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова кыргыз кыздарынан биринчи болуп эркин күрөш боюнча 2012-жылдагы Лондон олимпиадасына катышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG