Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Жети-Өгүздө Кумтөр боюнча элдик жыйын өтөт


17-июнда өтө турган элдик жыйын өкмөттүн Кумтөр кени боюнча берген убадаларына жооп алуу максат көздөйт. Анын уюштуруучуларынын бири Эрмек Жунушбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, жыйынга президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр баш болгон бардык бийлик өкүлдөрү чакырылды:

- Эми бул жерде өткөндөгүдөй талаптар болот. Бул митинг эмес, эл чогулуп бийлик өкүлдөрү мурдагы убадаларына кандай деп жооп берет, эмне себептен мөөнөтүн жылдырып жатышат деген суроолорго жооп алалы деп жатабыз.

Буга чейин ушул эле адамдар 27-майда Кумтөр боюнча Жети-Өгүздө 5 күнгө созулган митинг уюштурган эле. Алар кенге кеткен жолду бууп, ишканага берилчү электр жарыгын өчүргөн болчу. Анда милиция менен митингге чыккандар кагылышып, президент Жети-Өгүзгө чукул абал киргизген.

Андан соң Жети-Өгүзгө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, митингчилердин койгон бир катар талаптарын аткарууга убада берген. (BkA\ZB)

XS
SM
MD
LG