Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Депутаттар соту: жарыш сөз башталат


Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын ишин териштирүү аяктады. Бүгүн соттук жарыш сөз башталат. Андан кийин айыпталып жаткандар акыркы сөзүн айткандан кийин өкүм угузулат.

Март айынын этегинде райондук сот Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга кескен. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди толугу менен актаган. Депутаттар сот өкүмүн жокко чыгаруу үчүн экинчи инстанцияга арыз жолдошкон.

“Атажуртчу” депутаттар баштаган алты адам былтыр октябрда Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG