Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун борборунда Кумтөр боюнча элдик жыйын болот. Уюштуруучулар жыйынга өлкө жетекчилиги чакырылганын, анда Кумтөр боюнча берилген убадалардын аткарылышы, кен казган компания менен сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат сураларын билдиришти.
Жети-Өгүздө өткөн ай этегинде жана ушул айдын башында Кумтөргө байланыштуу беш күнгө созулган нааразылык акция өткөн. Ал калайман баш аламандык менен коштолуп, митингчилер кенге кеткен жолду бууп, электр энергиясын өчүргөн. Милиция менен нааразылык акцияга чыккандар кагылышып, районго өзгөчө абал жарыяланган болчу. (EBM)