Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз-өзбек чек арасы талкууланды


Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Бул тууралуу бүгүн кыргыз Чек ара кызматынан кабарлашты. Өзбекстандын Кокон шаарында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала элек жерлери боюнча маселелер талкууланып, буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Чек арадан өтүү эрежелерин бузган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү, чек арадагы тартипти бирге көзөмөлдөө тууралуу да сөз болду. Эки өлкөнүн күч кызматкерлери чектеш жашаган калк арасында түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу иши өз үзүрүн берип, мындай окуялар аз каттала баштаганы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG