Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Прокурор: Ташиев менен Жапаровду 10 жылга кесүү керек


Ушу тапта Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын үстүнөн сот иши уланууда. Кабарчыбыздын айтымында, тараптар жарыш сөзгө чыгып жатат. Прокуратура Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Ал эми соттолуучулардын адвокаттары алардын толугу менен акталышын өтүнүүдө.

Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болуп, алар кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрылган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG