Жалал-Абадда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери митингге чыкты. Кабарчыбыздын айтымында, учурда облустук администрациянын алдында жүздөн ашуун киши чогулуп турат, митингчилер дагы келүүдө.
Мурда тигилген эки боз үйдүн жанында башталып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары соттолгон депутаттардын бошотулушун, Кумтөр алтын кенин иштетүү кыргыз мамлекетине өтүүсүн талап кылууда.
Жогорку Кеңештин үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган. Бирок алар өзүлөрү мындай айып эч негизсиз болгонун, сот саясый мүнөзгө ээ экенин айтууда.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болуп, алар кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрылган. Шаардык соттогу териштирүү учурда уланууда. (YA/RK)