Орусиянын борбор калаасы Москва шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Сергей Собянин бүгүн Москва шаарынын шайлоо комитетине мэрди шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Былтыркы жылы тапкан кирешелери боюнча да отчет берди. Ошентип, Москва шаар башчылыгына аттанган талапкерлердин саны 9га жетти.
Собянинден тышкары документтерди “Яблоко” партиясынын төрагасы Сергей Митрохин, жарандык активист Алексей Навальный жана Мамдуманын депутаты Михаил Дегтярёв жана башкалар тапшырышты.
Москва мэрин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 8-сентябрда өтөт (AiK)