Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Нарында шырдак фестивалы өтөт

Нарындын Салкын-Төрүндө ушул апта соңунда шырдак фестивалы өткөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн фестивалдын уюштуруучулары кабарлады. Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн даңазалаган маданий иш-чараны уюштурууга немис өкмөтү жардам берүүдө. Фестивалга жер-жерден келген уздар, кол өнөрчүлөр, окутуучулар жана ырчы-чоорчулар катышат. Ала кийиз, шырдак жана чийден буюм жасаганды үйрөнүүнү каалагандар үчүн мастер-класстар өткөрүлөт. Ушуну менен шырдак фестивалы үчүнчү жолу уюштурулууда. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG