Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Ташиевдин тарапкерлери шаардык сот алдында митинг өткөрүүдө


Ушу тапта Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери митинг өткөрүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, 300дөй киши чогулуп турат. Алар сот өкүмүн күтүп жатат. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Милиция кызматкерлерин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев өзү башкарууда.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Мындай өкүмгө нааразы адвокаттар апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Шаардык сотто прокурор Ташиев менен Жапаровду 10 жылга, ал эми Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG