Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Обама саммит алдында студенттер менен жолукту


Түндүк Ирландияга чоң сегиздин эки күндүк саммитине катышуу үчүн келген АКШ президенти Барак Обама бүгүн Белфасттагы университетте студенттер менен жолукту.

Ак үй кабарлагандай, Сирия темасы саммиттин жана Обама менен Путиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болчудай. Кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин Лондондо, саммиттин алдында, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушуудан кийин “Сириядагы кан төгүүгө эки тарап тең күнөөлүү” деп билдирген. Тараптар Сириядагы окуяга эки башка баа берүүдө.

Өткөн аптада АКШ - Башар Асаддын режими химиялык курал колдонгон, анын айынан 150дөй киши ажал тапкан деп билдирген. Сирия оппозициясына аскерий жардам көрсөтүлөрүн маалымдаган. (AiK).

XS
SM
MD
LG