Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Долон ашуусунда жол ачылды


Бишкек-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда 17-июнда кечинде кар аралаш жааган жамгырдан улам унаа каттам кыйындаган. Тайгаланып, туурасынан туруп калган бульдозердин айынан унаа тыгын пайда болгон.

Чукул кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Токтобек Шоңкоевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, жол бүгүн таңкы саат экиде ачылды. Анын айтымында, учурда тазалоо иштери уланып жатат. Кочкор районунда кар аралаш жааган жаандан кийин электр энергиясы өчкөн айылдардан кабар алуу үчүн атайын комиссия жөнөп жатат. Соң-Көлгө кетчү жолдогу Калмак-Ашууда жол жабылып, малчылар өтө албай төрт түлүк кырылып жатат деген маалымат да такталууда.

Буга чейин Ак-Сай өрөөнүндө үч күндөн бери жааган жамгыр карга айланып, мал жуттан кырыла баштаганын Кылыч Жумабаев аттуу малчы “Азаттыкка” кабарлаган болчу. (EBM/TSh)

XS
SM
MD
LG