Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Жалал-Абад: Сел жууп кеткен жолдор тазаланууда

Кечээ кечинде Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагында нөшөр жаандан кийин пайда болгон сел айрым жолдордо жүрүүнү кыйындатты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Бишкек - Ош унаа жолунун 433-435-чакырымдары сел менен кошо агып келген кум-шагыл алдында калды. Ал эми Разансай айылындагы 3 чакырым ички чарбалык унаа жолду сел суусу жууп кетти. Учурда жолдорду тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG