Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Соң-Көл жайлоосунда 50 сантиметр кар жатат


Соң-Көл
Соң-Көл
Нарындын Кочкор районундагы Соң-Көл жайлоосунда өткөн түнү кар жаады. Калыңдыгы 50 см кар малчыларга кыйынчылык жаратууда. Ал жакка жарандык коргонуу кызматкерлери жөнөп кеткенин "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагында да болжол менен 10-15 см кар жааган. Малчы Кылыч Жумаевдин "Азаттыкка" айтымында, Ак-Сайда жуттан жана сууктан мал кырылып жатат.(RK/TSh)

 

XS
SM
MD
LG