Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Акимдер чек ара эрежелерин үйрөнүүдө


Кыргызстандын түштүк аймагындагы үч облустун - Ош, Жалал-Абад жана Баткендин район акимдери чек ара эрежелерин үйрөнүүдө. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн Ошто алар үчүн атайын семинар өтө баштады. Үч күн бою Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү аларга коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактарда чыр-чатактарды алдын алууну, жергиликтүү эл менен мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилени жөнгө салууну окутат. Жарандардын чек арадан өтүүдө кандай укугу жана милдети бар экени тууралуу кеңири маалымат берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG