Ушу тапта Бишкек шаардык сотунун алдында митинг өтүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин "Азаттыкка" айтымында, 100-200дөй киши "Ата-Журттун" үч депутатын актап чыгарган судьяга нааразылыгын билдирүү үчүн чогулган.
Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, кечээ үчөөнү тең актап чыгарды.
Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагыда 8 айдан ашуун камакта жаткан "атажуртчу" депутаттар бул кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин, алар мыйзам бузбаганын айтып келет. (EBM/RK)