Ушу тапта Бишкек шаардык сотунун алдында эки жүздөй киши чогулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, алар өзүлөрүн "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын мүчөлөрү деп тааныштырууда. Нааразылык акцияга чыккандар "Ата-Журттун" депутаттарын актап, бошоткон судья менен жолугушуу уюуштурууну талап кылып жатат. Алардын талабын угууга имарат алдына шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов чыкты.
Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, кечээ үчөөнү тең актап чыгарды.
Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагыда 8 айдан ашуун камакта жаткан "атажуртчу" депутаттар бул кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин, алар мыйзам бузбаганын айтып келет. (ZB/RK)