Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

"Мекен шейиттери" үч депутатты бошоткон судья менен жолугат


Апрел окуясынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын лидерлери "Ата-Журт" партиясынын үч депутатына карата актаган өкүм чыгарган судьялар менен эртең жолугат. Бүгүн аталган уюмдардан 200дөй киши Бишкек шаардык сотунун алдына чогулуп, төрага менен жолукту. Үч депутат кайсы негизде бошотулганын түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов жолугушууну эртең саат төрттө уюштуруп бермей болду.

Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, кечээ үчөөнү тең актап чыгарды.

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагыда 8 айдан ашуун камакта жаткан "атажуртчу" депутаттар бул кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин, алар мыйзам бузбаганын айтып келет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG