Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Түркия: ондогон адамдар антиөкмөттүк тополоңго байланыштуу камалды


Түркиянын полициясы өлкөнүн бир нече шаарларында рейд өткөрүп, антиөкмөттүк чыгууларга катышкан деп шектелген ондогон адамдарды камакка алды. Ички иштер министри Муаммер Гүлердин айтышынча, Стамбулда 62, Анкарада 23 киши кармалды. Өкмөттүк ТRТ телеканалы Эскишехирде 13 кишини полиция кармап кеткенин кабарлады. NTV телеканалынын маалымдашынча, негизинен нааразылык акциясы учурунда полицияны мушташка түрткөн солчул топтордун мүчөлөрү камакка алынган.

Премьер-министр Эрдоган бүгүн башкаруучу АК партиясы менен жолугушууда: “Биз укуктук мамлекетте эмне зарыл болсо, анын баарын жасадык. Биз Таксим скверин жана Гези паркын баскынчылардан тазаладык. Алар жолундагынын баарын кыйратканы сиздерге маалым. Биз дарактарды жана гүлдөрдү кайра отургузуп жатабыз,”-деди.

Тополоң Стамбулдун Гези паркын кайра куруу планына каршы май айынын аягындагы демонстрациядан башталган жана полиция менен кагылыштардан кеминде төрт адам өлүп, 5 миңдей адам жарадар болгон. Бул Режеп Тайып Эрдоган башындагы өкмөт он жыл мурда бийликке келгенден берки эң чоң тополоң болду.

XS
SM
MD
LG