Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Багдад: намаз маалында 31 адам шейит кетти


Багдадда шиит мечиттерине жанкечтилер жасаган бомба чабуулунан кеминде 31 кишинин каны төгүлдү. Биринчи жанкечти бомбаны Багдаддын түндүгүндөгү шииттердин мечитинин жанындагы текшерүүчү жайда жардырса, экинчи бомба бир нече мүнөттөн кийин башка мечиттин ичинде жардырылды. Хусейн аттуу күбөнүн айтымында, жанкечтинин желкесинде Samsonite деген баштык болгон.

Ал күзөтчүнү атып салып, мечиттин ичине намаз маалында, 12:05те кирип барды. Өзүн жардыраардан мурда “Алла акбар” деп кыйкырды-дейт Хусейн.

Ирак бийликтери жана дарыгерлер жанкечтилердин удаа-удаа бомба чабуулунан 50дөн ашуун адам жараат алганын маалымдашты. Май айы Иракта 2006-2007-жылдардагы жаатташтык кагылышууларынан берки өтө коогалаңдуу ай болду. Өлкө боюнча кол салуулардан май айында 1 миңден ашуун адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG