Кыргызстанга Түштүк Кореядан ири текстилдик компаниянын өкүлдөрү келди. Алар бүгүн Бишкекте “Легпром” жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясы уюштурган жыйынга катышат. Анда аталган тармакта кызматташууну өнүктүрүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланмакчы. Бул тууралуу “Легпром” кабарлады. (EBM)