Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

ТИМ: мас дипломат боюнча кызматтык иликтөө дайындалды


Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкери мас абалында унаа айдаганы тууралуу маалымат такталып жатканын кабарлады. Бул үчүн кызматтык иликтөө дайындалды. Эгер маалымат такталса дипломатты кызматтан алууга чейин чара көрүлөрүн билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Шамил Кайкиев иштен айдалган. Кайкиев ушул жылы апрель айында Москвада мас абалында дипломатиялык номери бар унааны айдап жүргөндө кармалып, Жол көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнө баш ийбей чыр чыгарганы маалым болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG