Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

ЖК АКШ транзиттик борбору боюнча мыйзамды карайт


Жогорку Кеңеш бүгүн “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду талкуулайт. Буга чейин парламенттин бир катар тиешелүү комитеттери бул документти колдогон болчу.

Өкмөт АКШнын транзиттик жүк ташуучу базасы тууралуу АКШ өкмөтү менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду парламентке өткөн айда жөнөткөн. ТИМ мыйзам кабыл алынгандан кийин президент ага келерки жылдын башына чейин кол коюп, АКШны расмий кабардар кылуусу керектигин маалымдаган эле.(EBM)

XS
SM
MD
LG