Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

“Чоң сегиз” Сирия маселеси боюнча макулдашты


Түндүк Ирландияда “Чоң сегиздин” саммитинде Сириядагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда Женевада чукул арада тынчтык конференциясын өткөрүү чакырыгы айтылат. Бирок жыйынды өткөрүү мөөнөтү белгиленген жок. Ошондой эле Сириянын президенти Башар Асаддын ролу тууралуу да сөз болгон эмес.

Саммиттин кожоюну, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон “Чоң сегиздин” лидерлери негизги маселелер боюнча орток пикир тапты деп билдирди.

Орусия Асаддын режимине ыктайт, ал эми АКШ жана анын европалык өнөктөштөрү оппозицияны колдойт.

Кэмерон туруктуу жана бирдиктүү Сирияны Асаддын башкарышын акылга сыйбайт деп айтты. Анын алдында Кремль Сирияда каршылашкан тараптар Женевадагы тынчтык конференциясына катыша турган өкүлдөрүн өздөрү дайындаганга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG