Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Абдылдаев: "Ата-Журттун" үч депутатын актаган сот туура өкүм чыгарды


"Ата-Журт" партиясынын үч депутатын актап чыгарган судьялар туура чечим чыгарган. Мындай оюн бүгүн парламент жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев билдирди. "Камактан чыккан лидер депутаттардын парламентке кайтып келиши кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жакшы шарт түзөт", - деди депутат.

"Атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен былтыр 3-октябрда камалган. Райондук сот аларды 1-1,5 жылга кескен. Ал эми шаардык сот үчөөнү тең 17-июнда актап бошотту.

"Ата-Журт" партиясын Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал эми парламенттеги фракциясын Садыр Жапаров башкарчу. Жапаров камалгандан бери бул милдетти Мыктыбек Абдылдаев аткарып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG