Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Камактан чыккан үч депутат тең парламент жыйынына катышууда


"Ата-Журт" партиясынын камактан акталып чыккан үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов үчөө тең бүгүн парламенттин жыйынына катышууда. Депутат Жапаров жыйын башталганда эле келип, сөз сүйлөдү. Ал эми Ташиев менен Мамытов эми келгенин кабарчыбыз айтууда. Ордуна келип отурган "Ата-Журттун" жетекчиси Ташиевге 15 чакты депутат, негизинен "республикачылар" жана өз партиялаштары келип кол алышып учурашты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG