Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Жапаров: Батукаевди бошоткон судьяны эмне үчүн коркутушпайт?


"Киши өлтүрүп соттолгон Азиз Батукаевди бошотуп жиберген судьяны эмне үчүн барып коркутушпайт?", - деди бүгүн парламент жыйынында депутат Садыр Жапаров. Ал "Ата-Журттун" үч депутатын актап чыгарган судьянын үйүнө белгисиз бирөөлөр барып коркутуп-үркүткөнүн айыптады.

Былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкек шаардык соту 17-июнда актап чыгарган. Эртеси "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын 200дөй өкүлү шаардык сотко барып, ошол судьялар кайсы негизде "атажуртчу" депутаттарды бошотконун түшүндүрүүсүн талап кылган. Ал эми өткөн түнү белгисиз бирөөлөр Сокулукта жашаган шаардык соттун судьясынын үйүнө барып коркутканын бүгүн депутат Жылдыз Жолдошева билдирди.

Бир катар оор кылмыш үчүн соттолгон криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев бир нече ай мурда айыккыс дартка чалдыкты деген себеп боюнча соттун чечими менен түрмөдөн чыгып кеткен. Кийин ага берилген медициналык аныктама боюнча күмөн пайда болуп, айрым далилдер келтирилген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG