Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ташиев: Биздин мамлекетте мыйзам үстөмдүк кылат экен


"Кыргызстан мыйзам үстөмдүк кылган өлкө экен", - деди "Ата-Журт" фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Ал абакта жатканда колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылыгын айтып, өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүк кылгандыктан абактан бошонгонун айтты:

"Туура, кайсы бир деңгээлде биз тараптан да мүчүлүштүк кетиши мүмкүн. Бирок Алла-тааланын буйругу экен, мыйзамдын үстөмдүгү экен, биз алдыңарга келип сүйлөп жатабыз. Эгерде мыйзамдын үстөмдүгү болбосо, мыйзам бузулушуна көз жумуп, саясат менен камап жиберсе деле болмок. Бирок демократиялык, укуктук мамлекет экенибизге, өлкө жетекчилигинин, айрыкча президентибиздин "мыйзамдын гана чегинде соттолсо соттолсун, акталса акталсын" деген сөзүнө карап мыйзамдуу чечим чыкканына биз баарыбыз макулбуз жана макул болууга милдеттүүбүз", - деди Ташиев. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG