Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Жаштардын диний түшүнүгү боюнча сурамжылоо өттү


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ишеналы Арабаев атындагы университет менен биргеликте «Жаштар жана Ислам» аттуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү. 39 суроодон турган сурамжылоого Бишкектеги 12 жогорку окуу жайдын студенттери тартылып, жалпысынан 2100 адам катышты. Алардын 55 пайызын кыз-келиндер, калган бөлүгүн эркектер түзгөн. Сурамжылоо ислам дининин жаштардын турмушундагы ролун, жаштардын динге, ибаадатка жана адат-салттарга болгон мамилесин билүү жана анализдөө максатында уюштурулган. Ага катышкандардын 90,3 пайызы өзүн мусулман, 4,5 пайызы проваслав, 0,7 пайызы буддист, 0,5 пайызы протестант, 0,3 пайызы католик экенин айтса, 1,2 пайызы өзүн атеист экенин билдирген.

Ал эми кудайга ишенем дегендер 91,8 пайызды, ишенбейм дегендер 2,6 пайызды түзгөн. 5 пайызы болсо жооп бере алган эмес. “Сиз өзүңүздү канчалык динчилмин деп санайсыз?" деген суроого 10 пайызы өтө динчилмин, 62,5 пайызы орто, ал эми 13 пайызы динге анчалык кызыкпайм деп жооп берген.

"Беш убак намаз окуйсузбу?" деген суроого болсо 11 пайызы ооба, 87 пайызы жок десе, суралгандардын 1 пайызы жооп бере алган эмес.

Ал эми “Нооруз сиз үчүн кандай майрам?” деген суроого 23,6 пайызы расмий мамлекеттик, 8,8 пайызы диний, 57 пайызы элдик салт менен байланышкан майрам деп жооп берсе, 4,2 пайызы майрам катары кабылдабайм деп айткан.

Сурамжылоого кыргыз, орус, өзбек, уйгур, татар, дунган, тажик жана башка улуттагы жаштар катышкан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG