Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

"Мекен шейиттери" үч депутатты бошоткон судьяларды өзү издейт


Апрел окуясынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" уюму "Ата-Журттун" үч депутатын актаган судьяларды өз алдынча издемей болду. Кечээ алар Бишкек шаардык сотуна барып төрагадан жолугушуу бүгүн саат төрттө болот деп убада алган. Бирок бүгүн чогулуп барган жүздөй кишиге шаардык сот жетекчилиги жолугушуу болбой турганын, депутаттарды актаган судьяларды табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен райондук соттон 1-1,5 жылга кесилген. Бирок андан жогорку баскычтагы шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды бошотту.

"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдары шаардык сот кандай негизде аларды актаганын түшүндүрүп берүүнү талап кылып нааразылык акциясына кечээ чыккан.

Депутат Садыр Жапаров бүгүн парламентте сүйлөп жатып "Эмне үчүн ошол адамдар Азиз Батукаевди чыгарып жиберген судьяны ушинтпейт?" деп суроо салды. (MiT/BkA/RK)

XS
SM
MD
LG