Оштун Алай районунда күч түзүмдөрүнүн ардагерлери нааразылык акциясына чыкты. Учурда 30дан ашуун адам Гүлчө айылында чогулуп турганын "Азаттыкка" Ормонбек Токобаев аттуу ардагер кабарлады. Алар азык-түлүк үчүн мамлекет кошумча төлөп берчү акча сот чечимине карабастан дагы эле төлөнбөй жатканын, пенсия аз экенин айтып, бул маселелерди чечүүнү талап кылууда. Эгер талап аткарылбаса эки-үч күндөн кийин Ош - Эркеч-Там унаа жолу тосулаарын Токобаев кошумчалады. (RK)