АКШ президенти өз өлкөсү менен Орусиянын өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын дагы үчтөн бирге кыскартууну сунуш кылганы жатканын америкалык тарап билдирди. Ал мындай сунушту бүгүн Берлинде сүйлөгөн учурунда жасаган жатат.
АКШ менен Орусиянын Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча Обаманын биринчи бийлик мөөнөтүндө түзгөн келишимге ылайык тараптар ар бириндеги өзөктүк дүрмөттөрдү 1550гө түшүрүүнү макулдашкан. Эгер дагы үчтөн бирге кыскартылса, бул эки державанын ар биринде 1000ден өзөктүк дүрмөт калат дегенди билдирет.
Америкалык тараптын айтымында, Обама ошондой эле АКШ менен Орусиянын Европадагы тактикалык куралдарынын санын да кыскартууну сунуштамакчы.
Обама бүгүн Берлиндеги Браденбург дарбазасынан сүйлөгөнү жатат.
Бул АКШнын айтылуу президенти Жон Кеннеди экиге бөлүнүп турган Берлинде шаардын жашоочулары менен тилектештигин жарыялагандан туура элүү жылдан кийин болууда.
Барак Обама АКШ президенти катары Германияда алгачкы иш сапары менен жүрөт. (UE)