Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Транзит борбор маселесин парламент жабык карамай болду


"Манас" аба майданындагы НАТОнун Транзит жүк ташуучу борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин парламент жабык карамай болду. Мындай чечим Жогорку Кеңеште добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. Талкуу азыр башталды. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышууда. Депутат Өмүрбек Абдрахманов бул маселени элден жашырбай ачык караш керек экенин айтты. Бирок көпчүлүк жыйындын жабык өтүүсүн колдоду.

“Манастагы” Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт парламентке бир ай мурун жөнөткөн.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG