Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Обама АКШнын Талибан менен сүйлөшүү аракетин коргоду


Ал бул тууралуу бүгүн Берлинде иш сапары менен жүргөн жеринен билдирди:

- Менимче, президент Карзай өзү да саясий элдешүүнүн зарылдыгын тааныйт. Маселе бул ишти согуш абалында кантип баштоодо турат. Мен бул проблемаларга карабай, жараян улана берет деп күтөм жана үмүттөнөм.

Мунун алдында Ооган президенти АКШ менен америкалык аскерлердин 2014-жылдан кийин да Ооганстанда калышына жол берген коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткону айтылган.

Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин билдиргенине караганда, эки тараптуу коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу “АКШ өкмөтүнүн Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча айтканы жана жасаганы бири-бирине каршы чыгып жатканына” байланыштуу.

Алар кандай “карама-каршылыктар” экенин Карзайдын кеңсеси чечмелеген жок.

Кечээ АКШ жана Талибан алардын Катарда жаңы ачылган кеңсесинде сүйлөшүү баштоо ниетин жарыялаган эле.

Бирок Талибан Карзайдын өкмөтү менен жолугуу, атүгүл аны таануу мүмкүнчүлүгүн четке каккан. Талибандын Катарда ачылган кеңсеси расмий түрдө “Ооганстан ислам эмиратынын саясий кеңсеси” деп аталат. (UE)

XS
SM
MD
LG