Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

АКШ президенти Берлинде сүйлөөдө


Германияда АКШ президенти катары алгачкы мамлекеттик сапар менен келген Обаманын Берлиндеги Браденбург дарбазасындагы сөзү бир аз мурда башталды.

Бул АКШнын айтылуу президенти Жон Кеннеди экиге бөлүнүп турган Берлинде шаардын жашоочулары менен тилектештигин жарыялагандан туура элүү жылдан кийин болууда:

- Биз бүгүн шаарды экиге ажыраткан сызыктын боюнда тура алганыбыз түбөлүк чындыкты айтып жатат: адамдын жүрөгүндө жанып турган тынчтыкка, эркиндикке, адилеттүүлүкө болгон умтулууга эч ким тоскоолдук кыла албайт.

Бүгүнкү сөзүндө АКШ президенти өз өлкөсү менен Орусиянын өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын дагы үчтөн бирге кыскартууну сунуш кылды.

АКШ менен Орусиянын Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча Обаманын биринчи бийлик мөөнөтүндө түзгөн келишимге ылайык, тараптар ар бириндеги өзөктүк дүрмөттөрдүн 1550гө түшүрүүнү макулдашкан.

Эгер дагы үчтөн бирге кыскартылса бул эки державанын ар биринде миңден өзөктүк дүрмөт калат дегенди билдирет. (UE)
XS
SM
MD
LG