Бул тууралуу өлкө бийликтери билдиришти. Окуя бүгүн борбор Могадишодо болгон эле. Полициянын айтымында, адегенде жанкечти БУУнун өнүктүрүү программасынын кеңсесинин дарбазасы алдында өзүн жардырган. Андан кийин ичкери кирген куралчандар ок ачып, бир жарым саатка созулган атышуудан үч чет элдик, эки сакчы, үч жөн-жай тургун, жети согушкер мерт болгон. Сомали премьер-министри Абди Фарах Ширдон кол салууну айыптады. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да кол салууга кыжырдануусун билдиргенин анын өкүлү кабарлады.
Чабуул үчүн “ал-Каидага” байланышы бар “ал-Шабааб” тобу жоопкерчилик алып, согушкерлери “динсиз күчтөр” менен урушканын белгиледи.
БУУнун кеңселери Могадишонун аэропортуна жакын жайгашкан жана Африканын Сомалидеги тынчтык орнотуу күчтөрүнүн базасы катары да кызмат кылат.
Эки жылча мурда борбор Могадишодон Африка союзунун күчтөрү тарабынан сүрүлүп чыгарылгандан бери “ал-Шабаб” тобунун согушкерлери партизандык ыкма менен кол салууга өтүшкөн. (UE)