Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Баткен: өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып салды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, окуя Баткенде Айдаркен чек ара отрядына караштуу “Марказ” чек ара туругундагы Гүлпиян аймагында түнкү саат 12лерде болду. Кадамжайдын Сарыбай айылынын бир тургуну менен өзбек чек арачылары ортосунда араздашуу болуп, өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып салды.

Окуя болгон жерге Айдаркен чек ара отрядынын жетекчилиги жана райондун күч түзүмдөрүнүн ыкчам-тергөө тобу жөнөп кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG